Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз-казак чек арасында товарлар тоскоолдуксуз өтүп жатабы? Бийликтин жообу

Кыргыз бийлиги бир дагы кошумча чектөөлөр киргизилбегенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөдөгү башаламандыктан улам импорттолгон товарлар кымбатташы мүмкүн деген маалыматтар боюнча комментарий берди.
Ал кыргыз-казак чек арасынан бардык товарлар тоскоолдуксуз өтүп жатканын билдирди.

“Казакстандан импорттолгон товарлардын кымбаттап кетүү кооптуулугу боюнча айта кетсек, учурда кыргыз-казак чек ара өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп, жүк өтүүдө”, — деди Султанбаев.

Ошондой эле коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн башка бир дагы кошумча чектөөлөр киргизилбегенин кошумчалады.
Буга чейин эксперт Казакстандагы башаламандык токтобосо Кыргызстандын экономикасына таасир этерин билдирген.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Кыргызстандын бийлиги Казакстандагы окуялар боюнча үн катты