Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат

Эскерте кетсек, ушу тапта коңшу өлкөдө нааразычылык акциялары өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрүү пунктулары COVID пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта Жаңы жыл майрамына байланыштуу 30-декабрдан тарта өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн режимге өткөнү айтылат.
"COVID пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен адамдар, автоунаалар, жүк эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат. Кыргыз тарап да, казак тарап да эч кандай кошумча чектөө киргизген жок", — деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, ушу тапта коңшу өлкөдө абал тынч эмес. 2-январда башталган нааразылык акциялары уланууда. Мындан улам УКМКнын Чек ара кызматы кырдаал курчуса тиешелүү чара көрөрүн кабарлаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ээн калган Алматы. Түнкү ызы-чуудан кийинки шаардын видеосу