Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар көбөйдүбү? Расмий жооп

Бүгүн өлкө аймагында 152 кишиден дарт аныкталган. Бул акыркы убактардагы көрсөткүчтөн кыйла көп.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны лабораториялардын эс алуудан улам иштебегенине байланыштуу көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкө аймагында 152 кишиден дарт аныкталган. Бул акыркы убактардагы көрсөткүчтөн 3-3,5 эсе көп.

"Лабораториялар 31-декабрда, 1 жана 2-январда иштеген жок. Дүйшөмбүдөн тарта иштей башташты. Бүгүнкү статистика ошол бир нече күндүн көрсөткүчү", — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Анын айтымында, илдеттин көбөйгөнү байкалбайт. Абал министрликтин көзөмөлүндө. Министрдин орун басары гигиена эрежелерин дыкат сактоо керектигин эскертти.
Радио
Акымбаева: бала убагында эмдөөдөн өтсө, жугуштуу илдеттерден корголгон болот