Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандын бардык аймактарында өзгөчө абал жарыяланды

Буга чейин өзгөчө абал режими эки шаар менен бир облуска гана киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын бардык аймактарына өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Буга чейин башаламандыктардан улам Маңгыстау облусу, Алматы жана Нур-Султан шаарларына 19-январга чейин өзгөчө абал режими киргизилген болчу.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттин пикири