Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда байланыш операторлору иштеп-иштебей жатат. Чоо-жайы

Эске салсак, бул учурда Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талапты коюуда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын ири шаарларында Beeline жана Kcell мобилдик операторлору иштебей жатат. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Казакстандагы ири операторлордун бири болгон Beeline өлкөдөгү мобилдик интернеттин иштеп-иштебей жатышы "компанияга байланыштуу эмес себептерден" болуп жаткандыгын билдирген.
Ал эми Kcell мобилдик оператору да коопсуздук маселесинен улам болуп жатат деген түшүндүрмө берген.

"Байланыш менен интернеттин жоктугун компетенттүү органдардын коопсуздукту камсыздоо боюнча өткөрүп жаткан иш-чараларынан улам болууда", — дешкен.

Эске салсак, бул учурда Казакстандын бир канча шаарларында эл митингге чыгып, бийликке бир нече талапты коюуда.
Казакстанда нааразылык митингдери 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Ал элдин нааразылыгы күчөп, полиция кыматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. Бүгүн, 4-январда, Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны койгон.
Ошондой эле кадам Актөбе облусунда болгон.
Эртең, 5-январда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрөрү белгилүү болду.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан президенти Токаев митингге чыккан элге кайрылды