Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Нур-Султан шаарына өзгөчө абал режими киргизилди

Буга чейин өзгөчө абал режими Казакстандын Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын борбор калаасы Нур-Султан шаарына өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Токтомго президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
"Жарандардын коопсуздугуна олуттуу жана түздөн-түз коркунуч жаралганына байланыштуу тартипти камсыз кылуу максатында Нур-Султан шаарынын аймагына өзгөчө абал режими киргизилди. Мындай тартип бүгүн саат 16:00дөн тарта 19-январга чейин уланмакчы", — деп айтылат документте.
Өзгөчө абалдын алкагында саат 23:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат жарыяланды.
Буга чейин өзгөчө абал режими Маңгыстау облусу менен Алматы шаарына киргизилген.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды.
Бүгүн түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып киришкен.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы акимчилиги менен Nur Otan партиясынын имаратынан кара түтүн чыгып жатат