Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Ээн калган Алматы. Түнкү ызы-чуудан кийинки шаардын видеосу

Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы түндө нааразычылык акциясы болгон Алматы шаарындагы Республика аянтына баш багып, андагы абал менен таанышып келди.
Sputnik
Журналист Александр Мироглов Алматыдагы түндөгү окуялардын күбөсү болду. Анын айтымында, учурда абал тынч.
Анткен менен шаарда коомдук транспорт каттаган жок. Эртең менен аялдамаларга толуп калган тургундар ишине жете албай, учурда аралыктан иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүп жатышат. Дээрлик бардык дүкөндөр менен соода борборлору жабык.
Республика аянтына сооттолгон атайын техникалар коюлуп, алардын жанында 200дөй аскер кызматкерлери нөөмөттө турушат.
Таң атары менен ишке чыккан коммуналдык кызматкерлер көчөлөрдү тазалашууда.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы митинг: 95 полиция кызматкери жабыркап, 200 жаран кармалды