Сак болгула! Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна коюу туман түштү

Башкармалыктан жол 20-30 метрден ары көрүнбөй жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ушу тапта Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун айланма бөлүгүнө коюу туман түшүп, мындан улам айдоочуларга этият болуу керектигин Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан эскертишти.
Аталган жол менен сапарга чыккандар кырсыкты алдын алуу үчүн автоунаалар ортосундагы аралыкты сактап, жайыраак жүрүүнү унутпашы керек.
Кыргызгидромет бүгүн күндүз Кыргызстандын кээ бир райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаай турганын маалымдаган.
Аба ырайы 2022-жылы кандай болот? Климатологдун божомолу