Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстан президенти Токаев митингге чыккан элге кайрылды

Казакстандын президенти митингге чыккан элди деструктивдүү күчтөрдүн айткандарына кулак төшөбөгүлө деп чакырык салды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасынан митингге чыккандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Өкмөт өзүнө берилген укуктарынан пайдаланып туруктуулукту камсыздоо максатында Маңгыстау облусундагы газдын баасын 50 тенгеге түшүрдү. Демонстранттарга өлкөдөгү тынч абалды, элдин биримдигин бузганга аракет кылган деструктивдүү күчтөрдүн айткандарына кулак төшөбөөгө чакырам. Социалдык-экономикалык маанайдагы жана башка дагы маселелер борбор калаада эртең өтө турган кеңешмеде каралат", — деп жазган президент Twitter баракчасына.
Эске салсак, Казакстанда митингдер 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Митингчилер үч талап коюп жаткан: газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казак бийлиги митингчилердин талабын аткарып, бааны түшүрдү