Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казак бийлиги дагы бир облуста газдын баасын арзандатты

Бүгүн, 4-январда, Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны коюп берген. Эми кезек Актөбе аймагына келди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандын Актөбе обулусунда митингге чыккандардын эки талабы орундалды. Газдын баасы 50 тенгеге (9 сом) түштү жана нааразылыкка чыгып, кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Эске салсак, Казакстанда нааразылык митингдери 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Ал эми элдин нааразылыгы күчөп, полиция кыматкерлери менен кагылышкан видеолор интернет айдыңына тараган.
Митингчилер газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу деп үч талап коюп жаткан. Бүгүн, 4-январда, Маңгыстау облусунда бийлик газга эл талап кылган бааны койгон.
Эртең, 5-январда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал боюнча кеңешме өткөрөрү белгилүү болду.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан президенти Токаев митингге чыккан элге кайрылды