БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына болчу шайлоого катышуу ниетин билдирген 14 жаран катталды.
БШКнын маалыматына ылайык, 4-январга карата эки округдан жетиден жаран талапкерлигин көрсөткөн.
Свердлов шайлоо округу:
1.
Атазов Шайлообек Икрамович;2.
Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;3.
Бейшенбаев Эдил Нурбекович;4.
Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;5.
Жолдошова Назгүл Амантуровна;6.
Асанбеков Жаныбек Асанбекович;7.
Алмамбетова Гуля Идиновна.Биринчи май шайлоо округу:
1.
Гапаров Адылбек Абдикаримович;2.
Акылбеков Русланбек Акылбекович;3.
Аматов Рысбай Аматович;4.
Сартаев Анвар Айдарович;5.
Токтакунов Нурбек Акбарович;6.
Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;7.
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.