БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ак көңүл, боорукер адамдар жүрөк-кан тамыр ооруларына көп кабылат деген болбогон сөз, ал эми кеп болуп жаткан орган 75 жылдан кийин негизи эле карый баштайт. Мындай пикирин Жүрөк-кан тамырлар хирургиясы боюнча улуттук медициналык изилдөө борборунун президенти, Россиянын УИАсынын академиги Лео Бокерия РИА Новостиге билдирген.
Ак көңүл адамдардын аталган ооруга эрте чалдыгары туурасында айтылгандар чынбы деген суроого жообун айткан.
"Албетте, бул калп сөз. Андай адамдардын "жүрөгү башка нерселер үчүн" ооруп, тынчсызданат. Дагы бир ирет түшүндүрө кетейин, аорталык клапан өзү, мезгил өтүп, болжол менен 75 жылдан кийин карыйт. Андан соң дароо эмес, бирок 10 жылдан кийин ал клапанды алмаштырууга туура келет", — деген Бокерия.
Буга чейин адистер жүрөктүн кармашын кантип байкаса болорун санап берген.