БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Борбор калаа мэри Айбек Жунушалиев Бишкек санитардык полигонунун (БСП) аймагына барып көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мэр шаардык кызматтардын жетекчилерин жана "Эко-Тренд-Плюс" компаниясынын өкүлдөрүн чакырган. Шаар бийлиги аталган компания менен 24-декабрда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде макулдашууга кол койгон. Анын алкагында таштанды ылгоочу, кайра иштетүүчү жана катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо заводун куруу пландалган.
Инвесторлор 5-январдан тарта ишине активдүү киришип, жаңы атайын техникаларды алып келүү, таштанды ылгоочу заводдун жабдууларын орнотуу боюнча даярдыктар башталарын билдирген.
Маалыматта Жунушалиевдин таштанды таштоочу жайда чыгып жаткан коюу түтүндү басуу боюнча тапшырма бергени айтылат. Ал эми жеке өнөктөштөргө коюлган милдеттемелерди дыкат аткарууга, анын ичинде полигондогу пландалган иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү сунуштаган.
Ошондой эле Жунушалиев таштанды ылгоочу завод 2022-жылдагы ири долбоорлордун бири болорун белгилеген.