Мэрия Бишкекти өнүктүрүүгө канча акча керектигин эсептеп чыкты. Программа

Акчанын 10,47 миллиард сому шаардык бюджеттен бөлүнүп, калганын башка каржы булактардан тартуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек шаарын 2021-2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн кеминде 26 миллиард сом талап кылынат.
"Бишкек — 2026. Көрктүү жана жашыл борбор калаа" программасынын долбоору учурда Бишкек шаардык кеңешинин кароосунда турат. Депутаттар аны карап чыгып бекитип бериши керек.
Каржылык корутундусуна мэриянын Экономика жана инвестиция департаменти жалпы сумманын 10,47 миллиард сому шаардык боюджеттен бөлүнүшү керектигин жазган. Маалыматтык негиздемеде долбоорду ишке ашырууга 26-30 миллиард сом керектелери белгиленет. Мындан улам каражатты жергиликтүү бюджеттен, муниципалдык ишканалардын кирешесинен, өнөктөштөрдүн инвестициясынан, эл аралык грант жана кредиттерден тартуу каралган.
Бул программа шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык документи болуп калары айтылган. Максат — Бишкекти тургундардын иштеши жана жашоосу үчүн айлана-чөйрөсү жагымдуу жана жашыл заманбап шаарга айлантуу. Өлкө экономикасынын өсүшүнө драйвер болуучу билим берүү жана маданият борборлорун салуу, калаага капиталды, туристтерди тартуу каралган.
Долбоордун алты негизги багыты:
Социалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
Айлана-чөйрөсү жагымдуу шаар;
Заманбап шаардык инфраструктура;
Шаардын көз жоосун алган архитектуралык-көркөм көрүнүштөр;
Экономикалык өсүү жана жергиликтүү бюджетти бекемдөө;
Шаарды майнаптуу башкаруу.
Борбор калааны өнүктүрүү программасы мэрдин жетекчилиги астында жүзөгө ашырылат. Ал эки этап менен аткарылат:
Биринчи (2021-2022-жылдар) — биринчи кезектеги тапшырмаларды жана иштерди жүзөгө ашыруу, шаарды кризистик өнүктүрүүгө даярдык көрүү.
Экинчи этап — пландын негизги иштерине киришүү, коюлган тапшырмаларды аткаруу, шаарды андан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн негиздемелерди түзүү.
18 млрд. сомдук иштер жасалат. Мэрия Ош шаарын кантип өнүктүрөрүн жарыялады