Каракол КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды. Сүрөт

"Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Макам жыл сайын улам бир шаарга берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 4

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болду

2 / 4

2-январь күнү министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаевге тапшырылган

3 / 4

Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган

4 / 4

Белгилей кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат.

2-январь күнү министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаевге тапшырылган.
"Мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат", — деп жазылган маалыматта.
Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган.
Белгилей кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. Былтыр бул макамды Тажикстандын Душанбе шаары алган.
Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин ар бир шаарынын тегиз өнүгүшүнө шарт түзүү. Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өзүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толук ачып берүүгө жана коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз бай мурастарына бурууга жардам берет.
Зуулдап лыжа тепкен Садыр Жапаровдун туристтерди Кыргызстанга чакырган видеосу