Ысык-Көлдө 8 жаштагы бала менен 52 жаштагы киши иске ууланып көз жумду

Уулангандар ооруканадан үзүлгөнү айтылды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв.— Sputnik. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эки адам иске ууланып каза болду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 2-январда, болгон.

"Иске ууланган эки адамдын бири 52 жаштагы киши болсо, экинчиси 8 жаштагы бала. Алар ооруканадан үзүлгөн", — деди ал.

Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Экөө эгиз болгон. Сузакта ууланып көз жумган үч бөбөктүн жашы белгилүү болду