Чүйдө таксистти сабап, унаасын тартып алды деген шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Шектүүлөр айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп, бычак такап, автоунаасын аларга сатканы тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылынан таксистти каракчылык менен тоноого шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылынан таксистти каракчылык менен тоноого шектелип үч киши кармалды
Ага ылайык, окуя 31-декабрда болгон. Түнкү саат 02:00дөр чамасында кылмыш кылууну пландаган үч киши таксини Бишкектеги көчөлөрдүн бирине чакырган.
"Алар Күн-Чыгыш айылына келгенде айдоочуну сабап, коопсуздук куру менен муунтуп баштаган. Ошол эле учурда бычак такап, автоунаасын аларга сатканы тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан", — деп жазылган маалыматта.
Андан кийин шектүүлөр 18 жаштагы айдоочунун унаасы менен уюлдук телефонун алып, өзүн талаага таштап кетишкен.
1-январда Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматы менен Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери 18-20 жаштардагы үч баланы кармаган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган унаа Ысык-Ата районунан табылган. Шектүүлөр аны сатканга аракет кылганы айтылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, Жазык кодексинин "Каракчылык" беренеси менен тергөө жүрүүдө.
Бишкекте таксисттин далысына бычак сайды деп 62 жаштагы киши кармалды