БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Apple аппараттык жана программалык камсыздоону аткарган алдыңкы жумушчулары Meta компаниясына кетип калбашы үчүн пландан тыш ири көлөмдөгү бонустарды төлөп берди. Бул тууралуу "Популярная механика" жазды.
Бонустар компаниянын акциясы катары 50 миңден 180 миң долларга чейин берилген. Meta акыркы бир нече айда Apple компаниясынын 100 инженерин өзүнө тартып кеткен. Ошол эле маалда Meta компаниясынын тажрыйбалуу бир нече кызматкери да Apple компаниясына өткөн.
Былтыр октябрда Facebook башчысы Марк Цукерберг компанияны Meta деп атаган. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.
Мындай аталыш менен компания жаңы деңгээлге чыгып, соцтармактан тышкары кызматтарды да сунуштагысы келген. Жаңы компанияга 10 миң инженер керек экени айтылган. Эксперттер муну менен Meta Apple компаниясына атаандаштык жаратышы мүмкүндүгүн айткан.