Centerra менен тынчтык макулдашуусун талкуулоо аяктап барат. Жапаров Кумтөргө барды

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, Кумтөр алтын кенине барып, "Кумтөр голд компани" ЖАКтын ("КГК") ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, "Кумтөр" алтын кенине барып, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын ("КГК") ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 4

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү

3 / 4

Мындан тышкары, Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген

4 / 4

Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды

Мындан тышкары, Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.
Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар "КГК" компаниясын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

"Кумтөр" өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү", — деп белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.
Экс-депутат Баатырбеков "Кумтөр иши" боюнча күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды
Бизден алтын алабыз дегендер көп! Садыр Жапаров Кумтөр тууралуу