Өкмөт темирди ЕАЭБден тыш экспорттоого тыюу салды

Мамлекеттик бажы кызматы, УКМКнын Чек ара кызматы кара металлды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга зарыл чара көрүүгө милдеттендирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстандан кара металлдын сыныктарын жана калдыгын ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтому жарыяланды. Маалымат өкмөттүн сайтына чыкты.
Аталган документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун колу коюлган.
Анда "КРден кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары экспорттоого ушул токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу белгиленсин", — деп жазылат документте.
Муну менен катар экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына токтом тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы, УКМКнын Чек ара кызматы темирди мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга зарыл чара көрүшү керектиги белгиленген.
Баалуу металлдардын биринин экспорту 7,2 тоннага кыскарды
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты