Республикада жаңы жылдык эс алуу башталып, көпчүлүк лыжа тебүүгө тоого карай бет алууда. Лыжа же сноуборд теберден мурун медицина илимдеринин кандидаты, КР Остеопороз ассоциациясынын президенти Ольга Лобанченконун кеңештерин окуп койсоңуз ашыктык кылбас. Ортопед тоого ыңгайлуу кийинүү керектигин, кышкы спорттун бул түрүндө кийим жана бут кийимдин ыңгайлуу болушу шарт экенин белгилейт.
Үйрөнчүктөр лыжаны инструктордун көзөмөлүндө тепкени жакшы. Жаңыдан лыжа же сноуборд тепкенди үйрөнүп жаткандарга ылдый тик түшүүгө таптакыр болбойт. Лыжа базаларында атайын үйрөнүү үчүн жантайма мейкиндиктер бар.
Лыжа же сноуборд тебердин алдындагы беш эреже:
1.
ашказан кыйналбагыдай, жүрөк айланбагыдай ченеми менен тамактанып, айрыкча майлуу тамак жебеңиз (азык эки сааттын тегерегинде аш болорун эске алуу абзел);2.
мурда сөөгүн чыгарып же сындырып алгандар жаракат алган жерин бекем таңгыч (атайын фиксатор) менен таңып алуусу керек (лангеттерди дарыканадан табууга болот);3.
сноуборд же лыжа тебүүгө киришерден мурун дене бойду керип, булчуң, муундарды жибитип алуу зарыл. Кол, бут, тулку бойду кыймылдаткан жөнөкөй эле бир мүнөттүк көнүгүүлөр жарайт;4.
карылыкка моюн сунуп бараткандар алдын ала ортопедге көрүнүп, остеопороз бар-жогун тактап алганы оң (эгер текшерүүнүн жыйынтыгы ошондой чыкса, атайын корсетсиз лыжа тебүүгө болбойт);5.
өз күч, мүмкүнчүлүк жана тажрыйбаңызды туура баалаңыз. Антпесе жаңы үйрөнүп жаткандар эки-үч ирет ылдый тээп келген соң өздөрүн "эр" санап, оор трюктарды жасоого аракет кыла башташат. Бирок көп учурда андай кылык-жорук сөөктү мертинтип, ал тургай сындырып алууга кептейт.Кышкы эс алуунун көп кездешкен кесепеттери
Көбүнесе булчуң-байламталарды чоюп алышат, чыгарып алгандар андан азыраак. Кандай болгон учурда да өтө этияттап, ансыз да чоюлуп калган булчуңдун үзүлүп кетпеши үчүн катуу, кескин кыймылдан карманыңыз.
Лыжачылар жана сноубордисттерди көбүрөөк жабырката турган органдар:
тизе, мындайда ал капыстан оорутуп кирет;
кызыл ашык мууну же шыйрак. Көп учурда ал тез эле шишип чыгат. Жаракат алганын сезгенде адам бут кийимдин боосун толук бошотуп, абайлап чечүүгө тийиш;
кол, атап айтканда билек. Негизи сноубордист жыгыларда кол менен таянып калууга аракет кылып, ушундай жараат алышат. Ага жол бербөө үчүн кулап баратканда бүрүшүп алган оң. Ошону менен бирге эле билекке коргоочу фиксатор кийүү да ашыкча болбойт;
ийин же акырек. Сноубордисттер көбүнесе бир капталы менен кулап, ийиндеги айланма кыймылды камсыз кылчу тарамышты жабыркатып алышат;
баш бармак. Лыжа тээп баратып жыгылгандар таякчадан күчүн чыгарат, андан улам баш бармагын мертинтишет. Мындай жараатты болтурбоо үчүн таякчанын илгичин билекке илип, ал эми жыгылып баратканда аны кое бериш керек.
Жараат алган учурда эске алчу жагдайлар
Сөөк чыгып кеткенде катуу таңгыч (лангет) менен таңуу абзел. Бул абалды оорлотпостон бекем кармап турат. Айрыкча баш жана омуртканын жарааттарында абдан абайлоо зарыл, мындайда негизинен баш ооруп, көңүл айнып, кол-бут чымырай түшөт.
Сөөк чыгып же сынып кетеби, кандай болгон учурда да дарыгерге кайрылуу керек. Бирок тоо-түздө медициналык жардам алганча бир нече саат өтүп кетет. Мындай учурда ортопед баштапкы чараларды көрүүгө кеңеш берет.
"Сөөк чыгып кеткенде кокустаган жерге муз же кар басылат. Эгер атайын таңгыч болбосо, чоюлгуч бинт менен катуу таңуу керек. Сынып кеткен учурда сноуборд же лыжа тактасы менен сынган жерди шакшактоо керек", – дейт дарыгер.
Кайсы учурда лыжа тебүүнү уланта аласыз?
Эгер катуу деле шишибесе же кан уюганы байкалбаса, муздак таңгыч менен таңып, оору басаңдатуучудан сайып же ушундай эле жардам берген жылытуучу майдан сүйкөп алып, андан ары тоодо эс ала берсеңиз болот. Мындай шишиктер эки-үч күндө тарап кетет. Башка учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл.