Суукта автоунаа от албай калса эмне кылуу керек? Кеп-кеңештер

Адистердин айтымында, жардамга чакырып же башка аракеттерди көрүүдөн мурда айдоочу өзү автоунаанын ар кайсы жерин текшерип көрүүсү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Күндүн суукташы менен айдоочулар үчүн бир топ көйгөй пайда болот. Автоунааны кышкыга даярдабаган болсоңуз түйшүк тартасыз. Кээде кечинде жакшынакай келип токтогон машина эртең менен от албай калышы мүмкүн. Мындай учурда эмне кылуу керектигин адистердин пикирине таянып "За рулем" порталы жазды.
Макалада айтылгандай, кандайдыр бир аракет кылардан мурда алгач төмөнкүлөрдү текшерип көрүү керек:
фаралар күйүп, стартер айланып жатса, демек, аккумулятор отуруп калган жок, ал вариантты чийип салабыз;
суукка туруштук берчү майлоочу майларды куйган болсоңуз, ал жагынан да кам санабаңыз;
анда свечаларды качан алмаштырганыңызды эстеңиз. Ар бир свеча 30 миң чакырым жүргөн соң алмаштырылышы керек. Абдан сапаттуу, кымбат баалуулары (иридий, платина) 120 миң чакырымга чейин жетет. Свечалардын эскилиги жетсе автоунаа суукта гана эмес, жайында деле от албай калат;
дизель майын куйгандар өтө суук күндөрү дизелдин тоңбогон түрүн пайдаланганы жакшы. Аны куйган болсоңуз кеп күйүүчү майда эмес.
Автоунаанын от албай калышына себеп болчу жагдайлардын негизгилерин карап чыктык. Эгер баары жайында болсо, анда моторго жардам берүү керек. Ал үчүн күн суукта машинанын жакшы иштешин камсыз кылчу каражаттар бар. Буларды майлоочу май саткан жайлардан алсаңыз болот. Адис менен кеңешип туруп май куюу системасына же карбюраторго куйдурасыз. Аталган каражаттар 40-50 градус суукта дагы автоунаанын кыйналбай от алып кетишине жардам берет.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан автоунааны кышкысын бат жылытуу жолдорун жана суукта отургучту ысытып алып айдоонун кесепеттери тууралуу жазган.
Кышында автоунааны жылытууда айдоочу кетирчү үч ката. Кеңештер