Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда газдын кымбатташына нааразы болгондор митингге чыкты. Видео

Митингчилердин кээси Жаңаөзенге кетчү жолду тосуп алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында ондогон жашоочу газга бааны төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Жергиликтүүлөр бийликке видеокайрылуу жолдошкон. Шаардыктардын айтымында, 1-январдан тарта көгүлтүр оттун баасы дароо 120 теңгеге көтөрүлүп кеткен. Алар айлык акынын минималдуу чегин эске алып, газдын баасын 60 теңгеге чейин түшүрүүнү жана дайым болуп турушун талап кылышууда.
Жергиликтүү бийлик бааны жөнгө салууга кийлигише албай турганын жана наркты мурунку калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Алардын айтымында, биржада бир литрдин баасы 70-85 теңгеге чыкканын Tengri TV каналынын Телеграм каналы жазып чыкты.
Митингчилердин кээси шаарга карай кеткен жолду тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Казакстанда айлык акынын минималдуу чени 1-январдан тарта 42 500 теңгеден 60 миң теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Митингге чыккан соодагерлер менен аткаминерлер жолукту. Сүрөт, видео
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты