ЛЭР милициясы: Киев мектеп имаратын согуштук аракеттер үчүн пайдаланмакчы

Донбасста 2000-жылдан бери элдешүүнү камсыздоонун кошумча чаралары көрүлүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Украина армиясы Донбасстагы Валуйское айылында жайгашкан мектепке курал-жарагын тартып жатканын өзүн-өзү жарыялаган Луганск Элдик Республикасынын (ЛЭР) Элдик милициясынын өкүлү Иван Филипоненко билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өткөн сутка ичинде украиналык улутчул-согушкерлер басып алган мектепте штаб түзүү жана класстарга курал-жарак ташуу менен алек болушту", — деди ал.
Филипоненконун айтымында, имараттын жанында куралчан адамдардын жоон тобу жүрөт, машиналарда артиллериялык чалгын аппаратурасы, радиостанциялар бар экени белгилүү болгон.
"Киевдин мектеп имаратын аскерий штаб жана Украина артиллериясынын талаа пунктун түзүү аракети ок атууну токтотуу боюнча макулдашуунун жана эл аралык гуманитардык укуктун одоно бузулушу катары кабылданат", — деди милициянын өкүлү.
Эскерте кетсек, Донбасста 2000-жылдан бери элдешүүнү камсыздоонун кошумча чаралары көрүлүп келет. Анын алкагында ок атууга, калктуу конуштарга жана ага жакын аймактарга курал-жарак жайгаштырууга, чабуул жасоого, чалгындоо аракеттерге тыюу салынган. Мындан тышкары, учкучсуз учкан аппараттарды пайдаланууга болбойт.
Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө 2022-жылы согуш башталып кетиши мүмкүн?
Британиялык жоокерлер Украинадан качууга камындыбы?