Кайдыгер калтырбайт! Кытай Марс планетасынын жаңы сүрөттөрүн жарыялады

Сүрөттөрдөн Марстын рельефин, анын ичинен Советтер Союзунан чыккан конструктор Сергей Королевдун ысымы берилген кратерди жана Олимпия талаасын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы Марстын жаңы сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Кадрлар Кытайдын "Чжуронг" марсоходундагы "Тяньвэнь-1" изилдөөчү аппаратынын жардамы менен тартылган.
1 / 2

Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы Марстын жаңы сүрөттөрүн жарыялады

2 / 2

Кадрлар Кытайдын "Чжуронг" марсоходундагы "Тяньвэнь-1" изилдөөчү аппаратынын жардамы менен тартылган.

Сүрөттөрдөн Марстын рельефин, анын ичинен Советтер Союзунан чыккан конструктор Сергей Королевдун ысымы берилген кратерди жана Олимпия талаасын көрүүгө болот. Ошондой эле адистер планетанын тоңуп калган суу жана көмүр кычкыл газынан турган түндүк бөлүгүнүн сүрөттөрүн көрсөттү.
"Тяньвэнь-1" аппараты Марста 526 күн иштеп, азыр Жерден 350 миллион чакырым аралыкта турат. Андан жөнөтүлгөн билдирүүлөр Жерге 19,5 мүнөткө кечигип келет. Ал эми марсоходдун сөз болуп жаткан планетанын үстүндө жүргөнүнө 200 күндөн ашты.
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы учурда эки аппарат тең жакшы иштеп, 560 гигабайттык маалымат чогулта алганын кабарлады.
Жерди көздөй эки астероид учуп келе жатат. Алар канчалык кооптуу?