Кыргызстанга зер буюмдарды ташып кирүү алты эсеге көбөйгөн

Өткөн жылдын январынан октябрына чейин кымбат баалуу буюмдарды сегиз өлкөдөн алып келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда кымбат металлдардан жасалган зер буюмдарды импорттоо алты эсеге өскөн. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.
Өткөн жылдын январынан октябрына чейин 19 тонна кымбат буюмдарды алып киришкен (5,7 миллион долларга чукул).
Кайсы өлкөлөрдөн ташып келинген:
Россия — 13,5 тонна;
Түркия — 4,2 тонна;
Кытай — 0,8 тонна;
Өзбекстан — 0,4 тонна;
Индия — 0,1 тонна.
Андан сырткары, жогорудагыларга салыштырмалуу азыраак көлөмдө Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлигинен кирген.
Ал эми мурдагы жылы, тагыраагы, 2020-жылдын он айында Кыргызстанга 3 тонна кымбат зер буюмдар ( 3,1 миллион доллардан ашыгыраак) кирген.
ЕАЭБде зер буюмдардын эн тамгасы таанылат. Кыргыз зергерлерин тушаган бюрократия