БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кирип келген 2022-жылда криптоиндустрияда чоң өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу Плеханов атындагы Россиянын экономикалык университетинин Финансылык рыноктор кафедрасынын жетекчиси Константин Ордов билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бул жылы санарип юандын пайда болушу менен биткоиндер өз позициясын жоготот.
"Россиянын борбордук банкы 2022-жылы санарип рублди тестирлей турганын айтышууда. Ошондой эле бул жылы санарип юань толугу менен иштеп калышы мүмкүн. Азыр анын пилоттук долбоору тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүүдө", — деди Ордов.
Санарип юань — Кытайдын улуттук банкы чыгарып жаткан санарип валюта. Ал блокчейн технологиясынын негизинде уюлдук тиркеме аркылуу иштейт.
CoinGecko жана Blockfolio аналитикалык фирмасынын маалыматына ылайык, 2021-жылы криптовалюталардын капиталы эки триллион доллардан ашты. Алардын сап башында BitCoin болсо, андан кийин Ethereum, Binance Coin, Polkadot, Tether жана Cardano турат.
"2022-жылы позициялар алмашат. Биткоиндин ордуна негизги криптовалюта катары эфириум чыгат", — деди Ордов.
Ал ошондой эле азыр кеңири колдонулуп жаткан криптовалюталардын ордуна дагы он миңдеген жаңы криптовалюталар келе тургандыгын кошумчалады.