Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө 2022-жылы согуш башталып кетиши мүмкүн?

Басылма Иран, Украина, Кытай, Эфиопияда согуш башталып кетиши мүмкүн деп, жаңжалдын келип чыгуу себептерин жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Америкалык журнал Foreign Policy 2022-жылы согуш башталып кетүү коркунучунда турган мамлекеттердин тизмесин жарыялады.
Ага федералдык өкмөт күчтөрү жана Тыграй аймагын бошотуу элдик фронту менен аскердик кагылыш болуп кетиши мүмкүн делип Эфиопия кирген.
Жалпы Африка континентинде түрдүү радикалдуу кыймылдардын айынан ар кандай жаңжал чыгып кетиши мүмкүн экендиги айтылган.
Ошондой эле АКШ менен Кытайдын аскердик учактары аралап Тайвань менен Түштүк Кытай деңизинин аймагында согуш чыгып кетиши мүмкүн. Акыркы учурда ал эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу күчөп жатат.
Анткени буга чейин 2001-жылы америкалык жана кытайлык учак кагышканда абалды турукташтыруу үчүн бир нече ай дипломатиялык сүйлөшүүлөр талап кылынган. Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү кыйла оор болуп калганын макаланын авторлору жазган.
Журнал АКШ менен Ирандын ортосундагы өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурашы да аскердик жаңжалга алып келиши мүмкүн дейт. Себеби Иран уранды байытуунун көлөмүн жылдан-жылга жогорулатып жатат.
Андан сырткары, ал тизмеде Украина да бар. Себеби Чыгыш Европада НАТО уюмунун аскердик дараметин көбөйтүп жаткандыгы байкалууда.
КМШ жана Россиядагы быйылкы негизги аскердик-саясий окуялар. Жыл жыйынтыгы
Британиялык жоокерлер Украинадан качууга камындыбы?