БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Курамында каныккан май, тагыраак айтканда, колбасаны ичимдик ичкенден кийин артынан жесе ден соолукка өтө зыян келтирет. Бул туурасында дарыгер-диетолог Наталья Круглова билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
Диетологдун айтымында, бул учурда майларды сиңирүү нормасы бузулат. Алкоголь тамак сиңирүүнү жана ашказандын иштешин жандантат да, тамактар тездик менен эки эли ичегиге өтөт. Ал эми майларды андай тездикте сиңирип үлгүрбөйт. Андыктан ичимдиктин артынан каныккан майларды жеген болбойт.