Бишкек: жолтандабастын айдоочусу жолдун кесилишинде бийлеген видео

Видео борбор калаадагы Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган. Темир тулпардын ичинен катуу музыка чыгып, эркек киши 30 секунддай убакыт жолдо туруп алып бийлеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв — Sputnik. "Короче" Telegram каналы жолтандабастын айдоочусунун Бишкектеги жолдун ортосунда, кыймыл күчөп турган кезинде бийлеген видеосун жарыялады.
Видео Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган. Темир тулпардын ичинен катуу музыка чыгып, эркек киши 30 секунддай убакыт жолдо туруп алып бийлеген.
Кадрдан светофордун кызыл жарыгы күйгөндө темир тулпардын ичинен катуу музыка чыгып, андан түшкөн галстукчан киши 30 секунддай убакыт жолдо туруп алып бийлегенин көрүүгө болот. Андан кийин автокөлүккө отурган, бирок арттагы айдоочулар сигнал бергенден кийин гана ордунан жылган.
Милициянын Кайгуул кызматынан болгон окуяны териштирип жаткандыктарын айтышты.
Ош: качкан мас айдоочу, сүзүлгөн автоунаалар, асманга атылган ок. Окуянын видеосу