Радио

Саткынов: күздө жылкыга сөзсүз гельминтке каршы дары берүү керек

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов жылкы кабыла турган илдеттерден сактануу жолдорун айтып берди.
Sputnik
Жылкыга гельминт ооруларына каршы дары берилбесе, ал семирбейт. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жылкынын организми сезимтал болот.
"Жылкыларга сибирь жарасынан эмдөө сөзсүз түрдө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, соңку убактарда тыштан ринопневмония деген дарт келди. Ошондон дагы айрымдар эмдетип жатат. Анткени вакцина чет мамлекеттерден алып келинет. Баасы 1500-2000 сомдун тегерегинде. Көбүнчө асыл тукум жылкылар бул вакцина менен эмделүүдө. Ошондой эле күзүндө жылкыга милдеттүү түрдө гельминт ооруларынан дары, мисалы, альбендазол берилиш керек. Камбар ата тукумунда гельминт оорулары көбөйүп кетсе, ал семирбейт. Ээси тоютту пайдалана берет, ага карабай арыктап, ал тургай интоксикация болуп өлүп калышы дагы ыктымал. Жылкыларда аскаридоз деген да дарт бар. Бир карыштан узун курт жылкынын ичегисин тешип боорго чейин жетиши мүмкүн", — деди Саткынов.
Ал спорттук мелдештерге катышкан жылкыларга жеке мал доктур кам көрүшү керектигин кошумчалады.