Садыр Жапаров Александр Волкодавды куттуктады

Мамлекет башчы ырчыга мындан ары дагы албан ийгилик, жетишкендик жана жеңиш каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү болгон кыргызстандык ырчы Александр Волкодавды куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу "Голос" теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду", — деген Жапаров.
Ал ырчыга мындан ары дагы албан ийгилик, жетишкендик жана жеңиш каалаган.
Эске салсак, кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" теледолбоорунда жеңүүчү болгон. Ал башкы таймашта казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды артка калтырган.
Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт
Кыргызстандык ырчы "Голос" долбоорунун финалына чыкты. Видео