Кыргызстанда жаңы жылдан тарта эреже бузган 4 телеканал жабылат

Телеканалдар мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча талаптарды аткарбаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги телеканалдарга лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, төрт телеканалдын ишин токтотууну чечти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча талаптарды сактоодо эреже бузулганы аныкталган.
"Ушуга байланыштуу колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде төмөнкү телерадиоканалдарды жайгаштыруу уруксаты токтотулду. Алар: "8 канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдары. Ал эми "РЕН ТВ" телеканалы өз арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик келерки жылдын январь айынан тарта өлкө аймагында иш алып барган бардык телерадио уюмдарында пландуу текшерүү жүргүзүлөрүн эскертти.
Кышында Бишкектен алыс эмес кайда эс алууга болот? Баасы жана дареги