Психолог майрамдык маанай жаратуунун ыкмасын айтты

Психолог узап бараткан жылдагы жетишкендиктерди эстеп, кийинки жылга план жазуу да майрамдык маанайды көтөрө турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиялык психолог Денис Хакимов Жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алуу үчүн эмне кылуу керектигин айтканын "Известия" басылмасы жазды.
Адис белгилегендей, майрамда жакындарың, досторуң менен чогуу болуу, жакшы эмоциялар менен бөлүшүү маанилүү. Психолог "бардык нерсенин төгөрөгү төп болушу керек" деп жанталашпай, жөн гана майрамдоо керектигин белгилеген.
"Үйдөгү милдеттер менен жаныңызды кыйнабай, өзүңүзгө белек даярдап койсоңуз болот", — деген адис.
Психолог узап бараткан жылдагы жетишкендиктерди эстеп, кийинки жылга план жазуу да майрамдык маанайды көтөрө турганын кошумчалаган.
Элге төбөсү көрүнгөндөр Жаңы жылды кайда кантип тосот