500 сомдук купюра өзүнөн 53 эсе кымбат сатылууда

Жарактан чыккан купюраны алмаштыруу үчүн чыгарылган мындай банкноттор жүгүртүүдө аз болгондуктан коллекционерлер аны жогору баалашат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиядагы интернет-аукциондордун биринде 500 сомдук банкнота сатылууда.
Ал 2000-жылы чыгарылган (үчүнчү серия). Купюранын баштапкы наркы 23 400 рубль (26,7 миң сомдой), башкача айтканда, өз баасынан 53,4 эсе кымбат болууда.
Банкнота жарабай калган купюралардын ордуна колдонуу үчүн чыгарылган. Ошондуктан алардын сериялык номерлери да ар кандай. Мындай акча жүгүртүүдө аз болгондуктан коллекционерлер аны жогору баалашат.
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл
20 сомдук купюра аукционго өзүнөн 470 эсе кымбат коюлду