Уюшкан кылмыштуулук: ИИМ 1000ден ашуун кишини каттаган, тогузу таасирдүү

Быйыл 11 айда ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан кылмыш чөйрөсүндөгү 185 адамды кармап, жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 1 168 адам турат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, алардын ичинен түрдүү кылмыштарды жасап, камакка алынгандардын ичинен тогузу кылмыш чөйрөсүндө жогорку статуска ээ.
Ошондой эле 11 айда ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан кылмыш чөйрөсүндөгү 185 адамды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн сотко жөнөтүлгөн. Кармалгандар ар кандай 155 кылмышты жасоого шектелген. Анын ичинен бешөө карактоо, төртөө тоноо, 61и алдамчылык, бешөө опузалоо, 21и бейбаштык, 13ү уурдоо жана 13ү башка кылмыштар боюнча шектелүүдө.
Ушул жылдын 11 айында уюшкан кылмыштуу топтогулардан алты ок атуучу курал алынган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде издөөдө жүргөн 15 киши кармалган.
"Бандит" ыкчам алдын алуу иш-чарасы жана ушул сыяктуу башка иштер республиканын аймагында тынымсыз жүргүзүлүп, алар кылмыштуулукту алдын алууга, бетин ачууга жана бөгөт коюуга, жарандардын укук бузууларга катыштыгы бар экендигин текшерүүгө, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөн жана коомго жат аракеттерди жасаган адамдарды аныктоого, ошондой эле мурда соттолгондордун арасында алдын алууга багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Ички иштер органдарынын биргелешкен мобилдик топтору эл көп чогулган жерлерде иш алып барып жатат.
Киши өлтүрүү, тоноо, алдамчылык. Чет өлкөлүктөр жасаган кылмыштар көбөйдү