БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкектеги жөө адамдар өтүүчү жерлерде стробоскоп орнотулат. Алардын бирөө иштей баштады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Ал мындай чаралар жолдогу кооптуу жайларда жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында колдонулуп жатканын айткан.
"Стробоскоп Бишкектеги Горький менен Кара-Дарыя көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адам өтүүчү чийинге орнотулду. Жабдуудан чыккан үн айдоочуларга 100 метр алдыда "зебрада" киши өтүп баратат деген белгини берет", — деди Айтикул уулу.
Мындай жабдуулар ордо калаанын башка да көчөлөрүнө коюла турганы кошумчаланды.
Стробоскоп — жарык күйүп атайын белги бере турган жабдуу.