Кыргызстандык Александр Волкодав "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү болду. Видео

Буга чейин аталган сынакка дагы бир кыргызстандык өнөрпоз Кайрат Примбердиев катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү болду.
Ал долбоордун финалына чыккан атаандаштары казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды артка калтырды.
Финалдык конценттин башында Волкодав насаатчысы Пелагея менен нидерланддык ырчы Дункан Лоуренстин Arcade чыгармасын аткарды. Андан соң Сергей Трофимовдун "Казачья" ырын, жыйынтыктоочу этапта "Луч солнца золотого" чыгармасын ырдады.
Александр Волкодав 32 жашта. Ырчы кыргыз, орус, англис, испан тилдеринде ырдайт.
"Голос" долбоору — Россиянын Биринчи каналында 2012-жылдан бери чыгып келе жаткан таланттар сынагы. Ага 2016-жылы кыргызстандык дагы бир ырчы Кайрат Примбердиев катышып, үчүнчү орунга ээ болгон.
"Голос" шоусуна катышкан кыргызстандык ырчыны колдогон флешмоб башталды