Эрназардын Алматыдагы кармашын UWW көп көрүлгөн беттештерге кошту. Видео

Дүйнөлүк уюм беттеште балбандардын алган упайлары 28ге жеткенин белгилеген. Анда кыргызстандык спортчу жеңип, чемпион болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Эрназар Акматалиевдин Алматыда (Казакстан) өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешиндеги таймашын жылдын эң көрүлгөн беттештеринин бири деп атады. Бул тууралуу дүйнөлүк уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазып, таймаштын видеосун чыгарды.
Эрназар турнирдин финалында ирандык Амирмохаммад Язданичерати менен кез келген.
"UWW 2021-жылдагы мыкты беттештерди аныктоодо. Эрназар Акматалиев менен Амирмохаммад Язданичерати Алматыда Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган Азия мелдешинин финалында кармашкан. Балбандар беттеште жалпысынан 28 балл топтошкон", — деп айтылат постко жазылган комментарийде.
Аталган мелдеште Эрназар атаандашын 15:13 эсеби менен утуп, чемпион болгон.
Эске салсак, жакында эле UWW уюму Эрназар Акматалиевдин Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовду (Өзбекстан) көтөрүп чаап жеңишке жеткенин 2021-жылдагы мыкты учур деп тапкан. Ал кармаш да дал ушул мелдеште болгон.
UWW Мээримдин дүйнө чемпионатындагы кармашын мыкты беттеш деп тапты