Кол, бутту үшүккө алдырганда сууктун таасиринен дене тканы жабыркайт. Дененин ачык бөлүктөрү аба ырайынын катуу суугунда гана эмес, нөл градус температурада да нымдуулук жогору болсо үшүк алышы ыктымал. Көбүнчө кол-буттун манжаларын, мурун, кулакты үшүк алат. Бул тууралуу Айжаркын Эгембердиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шамал, нымдуу аба, ным жана тар кийим, мээлей, мас абалында болуу да үшүк алууга себепчи болгон факторлор.
"Үшүккө алдыруу төрт даражага бөлүнөт. Биринчи даражасында тери эч нерсе сезбей, ал жер шишимик тартып, агарып, ооруп кычышат. Жылыгандан кийин тери көгөрөт, анан шишийт, бир аздан кийин тери түлөйт да, ал бир жумадан кийин айыгып кетет. Экинчисинде жогоркудай эле белгилер байкалып бир канча убакыттан кийин суу толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ал 10-12 күндөн кийин кургап, эки жумага созулуп барып айыгат. Үчүнчүсүндө кан аралаш суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот, бир нече суткадан кийин алардын орду жансызданып, анан жарылып катат. Төртүнчүсүндө бардык жумшак ткандар, булчуңдар, кээде сөөк дагы жансызданып, өлөт. Демек, кесип салууга туура келет. Үшүккө алдырган адамды дароо жылуу бөлмөгө киргизип, жылыткыч коюп, ысык чай ичирүү керек. Үшүгөн колун, бутун жылуу сууга (кол, буттун температурасынан бир аз жогору) малып, теринин сезгичтигин калыбына келтирүү керек. Колу-бутту ысык сууга жууп, үшүгөн жерди муз же кар менен сүртүүгө болбойт. Эгер үшүгөндөн кийин бир топ убакыт өтүп кетип, ыйлаакча пайда болсо, аны жылуулап таңып, дарыгерге кайрылуу керек. Үшүгөн жерге арак сүртүп, укалап, жылыткычка басууга болбойт. Эгер дененин көп жерин үшүк алса же анын үчүнчү жана төртүнчү даражасы болсо, биринчи жардам көрсөтүп, жабыркаган адамды мүмкүн болушунча тез медициналык мекемеге жеткирүү зарыл", — деди Эгембердиева.
Адис суукта дененин бөлүктөрүн үшүккө алдырбоо үчүн кабаттап, бирок бош, сыз өтпөгөн бут кийим кийүү жана суукта кыймылда болуу керектигин кошучалады.