Жер тилкени каттатуу үчүн кандай документтер керек? Тизме

Керек болчу документтердин арасында кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил кат да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жер тилкени каттатуу үчүн кандай документтер керектеле турганын айтып, тизмесин жарыялады.
Эске салсак, жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор 7-декабрдан тарта иштей баштаган. Мэрия жер тилкелерине техникалык паспортту жасоо менен атайын мобилдик топ алектене турганын айтып, шылуундарга алданып калбоону эскертти.
Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
адамдын ким экенин тастыктоочу документ (ID-карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;
кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жана үй-бүлөнүн сандык курамы жөнүндө маалымат кат.
Мобилдик топ документ берүүдөн мурда изилдөө жүргүзүп, андан соң үйлөр салынып калган жер участокторуна техникалык паспорт даярдалат.
ТЭЦ-2 аймагында жашагандардын 47,7 гектар жери мыйзамдаштырылды. Чоо-жайы