ӨКМ башчысы: кооптуу жерде 4 миңдей үй-бүлө жашайт, көбү көчкүсү келбейт

Министрлик жашоого мүмкүн эмес делген аймактарды аныктап, ал жакта турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстанда табигый кырсыктар болуу ыктымалдуулугу күч жерлерде 3 859 үй-бүлө жашайт, алдыда аларды коопсуз аймакка көчүрүү иши турат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Коомдук телерадио берүү корпорациясына берген маегинде айтты.
Министр Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жер көчкү, кар көчкү, жер титирөө, сел өңдүү табигый кырсыктар көп катталган аймактардын катарына кирерин белгилеген.
"Учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашоого мүмкүн эмес делген аймактарды аныктап, ал жакта турмуш кечирүүгө болбойт деген корутунду чыгарып 3 859 үй-бүлөгө көчүп кетүү керектигин эскерткен. Бул үчүн 2 488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Алар үй-жайын, ата-бабасы мекендеген ата конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгер мамиле жасап жатышат. Министрлик жаңырган жылы ушундай кооптуу аймактарды кыдырып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт", — деген Ажикеев.
ӨКМ башчысы кырсыктын тобокелдигин азайтуу далай кишинин өмүрүн сактай турганын эскерткен.
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши