Дарыгер салют аттырып жаракат алганда эмне кылуу керектигин айтты

Адис фейерверктерди колдо кармап эмес, коопсуз жайга орнотуп жардырууну, өзгөчө ичип алган кишилерге жана балдарга аны карматпаш керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Салют аттырып жаракат алган учурда кандай аракеттерди көрүү керектигин РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельников айтып берди.
Ал салют өз маалынан эрте же кеч жарылып, күтүүсүз окуяларга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Фейерверктин катуу үнү кээде пиротехниканын сапатсыз жасалганынан болот. Айрым учурда өзүбүз майрамга алаксып техникалык эрежелерди сактабайбыз. Мындан сырткары, бенгал шамы да билинбегени менен кооптуу, андан кол эле күйбөстөн учкундары көзгө да чачырайт.
"Фейерверктин оту терини күйгүзүп кетсе муз коюп же башка ыкма менен муздатуу керек. Жаракаттар болсо атайын медициналык байлагыч менен таңып койгон оң. Күйгөн териге май сүйкөп, ыйлаакчаларды жарбагыла. Эң жакшысы, дарыгерге барыңыздар. Эгер салюттун катуу үнүнөн кулак тунса, угуу калыбына келгенге чейин бир аз күтүп, жардам бербесе тезинен ооруканага кайрылыңыз", — деген Тяжельников.
Ошондой эле адис фейерверктерди колдо кармап эмес, коопсуз жайга орнотуп жардырууну, өзгөчө ичип алган кишилерге жана балдарга аны карматпаш керектигин эскертти.
Жаңы жылдык кечеден кийин ден соолукту кантип калыбына келтирсе болот?