Моюн, колтук жакты кара. Ашказан рагынын белгилери аталды

Елена Малышева ашказан рагынын айрым белгилерин адамды карап эле билсе болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Денедеги  кара күрөң сызыктар ашказанда залалдуу шишиктен кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу дарыгер жана теле алып баруучу Елена Малышева "Биринчи каналдын" эфиринен айтканын РИА Новости жазды.
"Өзүңөрдү карагыла. Эгер колтук жакта же моюнда кара сызык болсо, анда сиз күнгө күйдүм деп ойлобоңуз. Бул өтө кооптуу белги. Аны акантоз деп коет", — деди ал.
Малышеванын жанындагы алып баруучу, иммунолог Андрей Продеус мындай пигментация жумурткадагы киста, диабет, дерматиттин белгиси да болушу мүмкүн экенин айткан.
Медик клетка өсүп жайылган учурда ашказан рагын алдын алуу үчүн гастроскопиядан өтүп коюуну сунуштаган.
Диетолог ашказанды оорутуп, ич көптүргөн азыктарды атады