Бишкекте 1-январга караган түнү коомдук транспорт жүрөт. График

2022-жылдын 2-январынан тарта коомдук транспорттун бардык түрү кадимки тартипте иштей баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте 31-декабрдан 1-январга караган түнү атайын жаңы жылдык рейстер каттайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Троллейбустук алты каттам элди төмөнкү багыттар боюнча ташымакчы:
№2, Аламүдүн-1 — Фрунзе атындагы завод;
№4, Эт комбинаты — Булгаары заводу;
№7, Туңгуч кичи району — Ак-Өргө конушу;
№10, Асанбай кичи району — Фрунзе заводу;
№14, Жогорку Жал — Киркомстром.
№ 17, Асанбай кичи району — Булгаары заводу.
Мындан тышкары, 1-январга караган түнү автобустар менен маршруткалар бардык багыттар боюнча каттайт.
"1-январь күнү бардык муниципалдык транспорт эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин атайын расписание менен, ал эми маршруткалар кадимки тартипте иштейт", — деп айтылат маалыматта.
2-январдан тарта транспорттун бардык түрү штаттык режимде каттай баштайт.
Жаңы жыл тосом деп акчасы жок калбаңыз. Чыгымды тизгиндөө жолдору
Төрөт үйлөрү жаңы жыл түнү кандай иштей турганы айтылды