ИИМ: баасы 10 млн. сомго жакын баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды. Видео

Кылмыштуу топту кармоо үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы биргеликте иш алып барган.
Sputnik
Баасы 10 миллион сомго жакын психотроптук заттар менен баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу ИИМ кабарлап, видеосун жарыялады.
Маалыматка караганда, кылмыштуу топту кармоо үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы биргеликте иш алып барган.
Жазык кодексинин 267-беренесине ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Тelegram мессенжери аркылуу иштеген интернет-дүкөн аныкталды.
"Милиция кызматкери аталган дүкөндүн администратору менен жазышып, 100 грамм синтетикалык баңгизатын сатып алмай болгон. Сүйлөшүлгөн баа 300 миң сомдон ашкан. Натыйжада баңгизат жасоочу жашыруун жайды уюштуруп жана кардарлар менен сүйлөшкөн К.А. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Тез арада ал ижарага алып жашаган батирге тинтүү жүргүзүлүп, баасы дээрлик 10 миллион сомго жакын бир нече түрдөгү баңгизат табылган.
Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.
Баңгизат, ичимдик, бычак... Молдовановка абагынан чыккан буюмдардын сүрөтү