БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров Мишустинди келе жаткан Жаңы жылы жана Рождество майрамы менен куттуктаган.
"Министрлер кабинетинин төрагасы өтүп бара жаткан жыл кыргыз-орус мамилелери үчүн жемиштүү жана эки өлкө үчүн маанилүү окуяларга жана саясий байланыштарга бай жылдардан болгонун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Пикир алышуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланган.