Жаңы жылда аба ырайы кандай болору айтылды

Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, айрым жерлерде суук болсо, кээ бир аймактарда нөлдөн жогору болору божомолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жылга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында жазылган.
Билдирмеге караганда, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас облусунда жаан, кар жаабай турганы айтылды. Аталган аймактарда абанын температурасы 7...9 градус жылуу болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда 31-декабрь күндүз жана 1-январь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 1-январь күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көлдө жаан жаабаганы менен абанын температурасы 0...5 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок абанын температурасы -4…-6 суук болору божомолдонду.
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши