Биринчи эле кезекте ошол кооперативдин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин текшерип алуу керек. Бул үчүн Юстиция министрлигине турак жай кооперативинин аталышын толук көрсөтүп кат жолдосоңуз, биз 14 күндүн ичинде жооп беребиз. Жоопто ал кооперативдин уставынын көчүрмөсү, юридикалык дареги, кимге катталгандыгы, аталышынын өзгөргөнү, айтор, баары көрсөтүлөт. Жашыруун документ болбогондуктан муну билүүгө жарандардын акысы бар. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кооперативге мүчө болууда жарнамалардан көрүп же таанып-билүү аркылуу эле маалымат алуу жетишсиз. Милдеттүү түрдө юристтерден кеңеш алып коюу керек.
"Адамдын укугу өзү корголушуна кызыкдар болбогон учурда жана өз укуктарын билбеген кезде бузулат. Бизде көбүнесе ушул турак жай кооперативдери боюнча маалыматтын аздыгынан "кооператив пирамида бизнеси экен" деген жаңылыш түшүнүктөр пайда болот. Эгер мыйзам негизинде катталып иштеп жаткан турак жай кооперативи болсо, пирамида бизнеси эмес. Ага мүчө болууда өз укук жана милдеттериңизди так билип алсаңыз жетиштүү. Үй алуу үчүн кооперативге арыз берип, мүчө болгондон тарта бир катар укукка ээ болосуз. Мисалы, жетекчилигин шайлоого, уставын бекитүүдө катышууга, жетекчилерин чакыртып алууга, финансылык отчётторду алганга, бухгалтердик отчётторду укканга жана көз карандысыз аудиттерди жалдаганга укук берилет. Ошондой эле кооперативдердин жыйындарын онлайн өткөрүп же формалдуу түрдө өттү кылып жазып койгонго макул болбой, сөзсүз түрдө жандуу өтүшүн талап кылып катышыңыз. Эгер катышуу мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо ыйгарымдуу өкүлүңүздү жибериңиз", — деди Сыдыков.
Ал кооператив мүчөлөрү эки тараптуу түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн каражатты мөөнөтүндө төлөп туруу мүчөлөрдүн милдети болорун кошумчалады.