Башкалардан сабак албайбыз! Шаирбек Ташиевдин капыл-тапыл видеомаеги

Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Шаирбек Ташиев журналисттер менен курган маегинде мурункулардын жолун баспай турганын билдирди.
Sputnik
Ал шайлоого катышуудан мурда бир тууган агасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен макулдашканын айтты. Журналисттер "агаңыздын атайын кызматты жетектеши парламентке таасирин тийгизбейби?" деп сурашты.
"Максатыбыз болгон күчүбүздү, акылыбызды жумшап, эл-журтка кызмат кылуу. Парламентке эч кандай басым болбойт, себеби биз элдин атынан шайланып келдик. Ал эми моралдык жагын өзүңүздөр талдап аласыздар. Мындан ары биз башкалардан сабак дагы албайбыз, башкалардын жолун дагы баспайбыз", — деди Ташиев.
Шаирбек Ташиев № 14 Жалал-Абад шайлоо округунан шайланып келген.
Тема боюнча:
Бир мандаттуу округдун 18 депутаты "Ата-Журт Кыргызстанга" кошулду. Тизме
Тарыхта өзгөчөлөнүп калган депутаттар. VI чакырылыштын унутулгус жоруктары